КЫТАЙ КЫРГЫЗСТАНГА ЖЕР БЕРДИ!
Omurzak Azimkulov
0:00 / 0:00
КЫТАЙ КЫРГЫЗСТАНГА ЖЕР БЕРДИ!
11 349 просмотров · 5 часов назад
Omurzak Azimkulov
142 тыс. подписчиков
11 349 просмотров · 5 часов назад
Кыргызстан Кытайдын Сиань шаарында өзүнүн логистикалык-транспорттук борборун курууга даярданып жатат. Долбоор үчүн 9 гектар жер тилкесин сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды. Борбор Сиань–Кашкар–Ош багытындагы жүк ташууларды уюштурууга жана келечекте Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан темир жолу менен байланышкан жаңы логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталууда.
Бул Кыргызстан үчүн жөн гана жаңы кампабы же өлкөнүн соода-логистикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү стратегиялык кадамбы?
Сиань шаарындагы борбор кыргызстандык товарларды Кытайга жана башка Азия өлкөлөрүнө чыгарууга кандай шарт түзөт? Кыргызстан транзиттик жана логистикалык өлкөгө айлана алабы? Бул долбоор ата мекендик ишкерлерге, экспортко жана өлкөнүн экономикасына кандай таасир берет?
Ош шаарынан даярдалган атайын репортажда тарыхчылар, экономисттер жана серепчилер менен маек куруп, Кыргызстандын бүгүнкү өнүгүүсүн, Улуу Жибек жолунун тарыхый маанисин жана өлкөнүн келечектеги экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн талдайбыз.
Кыргызстан жаңы логистикалык мүмкүнчүлүктөрдүн босогосундабы?
#Кыргызстан #Кытай #Сиань #Логистика #Ош #Экономика #Инвестиция #ТемирЖол #УлууЖибекЖолу #Экспорт