Перейти к содержимому

1 млн. сом талап кылууда/ Блогер Ырыс Нурланова менен соттошуп жатабыз

Эламан Карымшаков

0:00 / 0:00

1 млн. сом талап кылууда/ Блогер Ырыс Нурланова менен соттошуп жатабыз

36 962 просмотра · 1 день назад
Эламан Карымшаков
138 тыс. подписчиков
36 962 просмотра · 1 день назад
Блогер, байер Ырыс Нурланова ал тууралуу видео чыгарган кыз менен соттошуп жатат. Асел Сайдимарова былтыр эжеси 3200 сомго кийим алуу үчүн акча которгондон кийин товарды жөнөтпөй же акчасын которбой койгондуктан анын аракетин айтып чыккан. Аны көргөндөн кийин "биз дагы ушинтип Ырыс Нурлановага алдандык" деп бир нече кыз-келин жазган. "Ырыс Нурлановага кайрылсам жооп берген жок. Түзүк адам кайсы акча, эмне болду эле тактайын дейт эмес. Ал менин үй-бүлөлүк сүрөттөрүмдү жарыялап, "бузулган кыз, бирөөгө көңүлдөш болуп жүргөн" деген ушактарды чыгарды. Күйөөмө, кайын журтума "жазып тыйып койбосоңор 18+ видеолорун чыгарам" дептир. Ошондо сотко арыз жазсам албай коюшкан", — деди Асел Сайдимарова. Ал эми арадан жарым жыл өткөндөн кийин Ырыс "Асел менин кадыр-баркыма шек келтирип, ишкердик беделиме доо кетирип жатат" деп сотко кайрылып, 1 млн. сом моралдык зыянды өндүрүүнү сураган. Асел ошондо гана Ырыстын үстүнөн утурлама арыз жазып "жалаа жапкан сөздөрүнө жооп берсин деп, ал да 1 млн. сом доо койгон. "Сот элдешүүгө баргыла деп сунуштады. Ушуга теңелбейин деп видеомду өчүрүп койдум эле. Бирок Ырыс жакында эле кайра "Аселге күйөөсү талак берип, ажырашып кетиптир, ушуну көрмөк" деген сыяктуу чыгарып жатат. Күйөөм жанымды эле жүрөт, ажырашкан жокпуз. Ушунудай жаман сөздөрдү чыгара бергенге кандай акысы бар мунун", — деп кайрылды Асел. Ырыс Нурланованын адвокатына кайрылсак комментарий берүүдөн баш тартты. Белгилей кетсек, өзүн миллионер катары тааныштырган блогерге алдандык деген кыз-келиндер тууралуу буга чейин "Чекит Медиа" эки жолу материал жасаган.