Перейти к содержимому

Асанбайда 1 млрд. сомго Asman park ачылды/ Аттракциондорго түшүү акысы канча?

Эламан Карымшаков

0:00 / 0:00

Асанбайда 1 млрд. сомго Asman park ачылды/ Аттракциондорго түшүү акысы канча?

57 010 просмотров · 16 часов назад
Эламан Карымшаков
137 тыс. подписчиков
57 010 просмотров · 16 часов назад
Бишкектин Асанбай кичи районунда “Асман парк” үй-бүлөлүк оюн-зоок борбору ачылды. Анын аянты 4,5 гектарды түзүп, 19 аттракцион коюлган. Жерди инвесторлор ижарага алып, курулушка 1 миллиард сомдон ашуун сарптаган. Баарынан да бийиктиги 92 метрге (30 кабат үй менен тең) жеткен айланма дөңгөлөк көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Мындай карусель Борбор Азияда жоктугун айтышты. Буга түшүүнүн наркы 5-14 жаштагыларга 300, чоңдорго 500 сом, 5 жашка чейинки балдарга акысыз. Мындан сырткары кышында дагы иштей турган заманбап оюн-зоок борбору бар. Калаа башчсы Айбек Жунушалиев кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркы реконструкцияланып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында көрктөндүрүлгөнүн белгиледи. “Көп жыл бою кароосуз турган аймак заманбап, коопсуз жана эс алууга ыңгайлуу жайга айланды. Инвесторлорго аттракциондун бааларын элге жеткиликтүү кылуу талабын койгонбуз. Паркты аты “Асман” болгону менен баалары асмандын башы болбойт”, — деди мэр. Ал эми “Асман парктын” директору Айбек Сулайманбеков аталган оюн-зоок борбору бир жылдын ичинде курулганын билдирди. Анын айтымында, ички жана чет өлкөлүк инвесторлор тартылган. Жылына мэрияга 5 миллион сомдон ижара төлөп турат. Ал эми 20 жылдан кийин парк муниципалитеттин балансына толугу менен өткөрүп берилет.