Перейти к содержимому

Прокуратуранын көзү түшкөн Бостеридеги жер/ Ишкерлер "Ынтымак ордого" арызданып барды

Эламан Карымшаков

0:00 / 0:00

Прокуратуранын көзү түшкөн Бостеридеги жер/ Ишкерлер "Ынтымак ордого" арызданып барды

22 992 просмотра · 11 ч назад
Эламан Карымшаков
140 тыс. подписчиков
22 992 просмотра · 11 ч назад
Ысык-Көл прокуратурасы Бостеридеги турбазанын жанындагы жерди мамлекетке алуу талабын коюп сотко кайрылган. Бирок ал жерди 10-15 жыл мурун кызыл китеби менен сатып алган жарандар чуу түшүп менчигин коргоп 3 жылдан бери соттошуп келет. Экинчи-үчүнчү колдон алган ишкерлер конок үйлөрдү салып эми гана иштетип баштаган. Бирок прокуратуранын доосу аларды тушап койду. "Бул бул жерди алып жатканда мамлекет өзү бизге каттап берген. Ошого ишенип конок үйлөрдү салып, канча мээнет кетирдик. Анан эле мамлекетке алабыз деп жатышат. Эгер жер туура эмес берилсе бир дагы кызматкер, сот жоопко тартылган жок. Жөнөкөй адамдар гана күйүп атабыз", — деп кайрылышты. Ишкерлердин айтымында, буга чейин президенттин иш башкаруучу Каныбек Туманбаев, Башкы прокуратуранын кызматкерлери да документтерин көрүп силер "ак ниеттүү сатып алуучу экенсиңер" деп, маселени чечүүнү убадалаган. Бирок кайра эле соттун чечимдери өзгөрүп санаалары тынчыбай жатат. "Айлабыз кеткенде президент үнүбүздү уксун деп "Ынтымак ордого" келдик дешти. Алдардын алдына Президенттик администрациянын Уюштуруу бөлүмүнүн өкүлү Жыргалбек Шамыралиев чыкты. Андан ары ичине кирип арыз жазышты. Эртеси Башкы прокуратурага да бара турган болуп кетишти.