Перейти к содержимому

Хашим "ракты айыктырдым" десе онколог калпын чыгарды/ Тыюуга баш ийбеген табып/ 1-бөлүк

Эламан Карымшаков

0:00 / 0:00

Хашим "ракты айыктырдым" десе онколог калпын чыгарды/ Тыюуга баш ийбеген табып/ 1-бөлүк

22 301 просмотр · 4 ч назад
Эламан Карымшаков
139 тыс. подписчиков
22 301 просмотр · 4 ч назад
Чуулгандуу иштерге айыпталып соттолгон табып Хашим Зайналиев соцтармакта кайрадан активдүү чыга баштады. Ал бир нече адамды ажалдан куткарып жатканын айтууда. Арасында "рак болуп дарыгерлер бир жумалык өмүрү калды деген баланы сактап калдык" деген видеосу чыккан. Онкохирург Санжар Шеркулов табыптар эч качан рактан айыктыра албай турганын айтып, "жөн гана элдин башын айландырып жатасыз" деп сындады. Мындан улам соцтармак аркылуу кайым айтышып жатышат. Биз барып онкологдун да, табыптын да пикирин уктук. Тактай келгенде Хашим Зайналиев "айыктырдым" деген адамга рак деген диагноз коюлбаганы аныкталды. Белгилей кетсек, 2016-жылы аталган табып өз үйүндө бир аялдын көкүрөгүн кесип алып салам дегенде каза болуп калган. Анда кылмыш иши козголуп кармалып, кийин жабырлануучулар доосу жоктугун айтып иш токтотулган. Ал эми 2018-жылы дарыланып жаткан беш жашар кыз оор абалда ооруканага түшкөн. Анда дагы кармалып, сот күнөөлүү деп таап дарылоо иштери менен алектенүүгө тыюу салган. Бирок Зайналиев ага да баш ийбей азыркыга чейин иштеп жатат. Азыр клиникасын жаап, адамдардын үйлөрүнө барып дарылап жатканын айтууда. Ракка даба болот деген тундурма сууларын дагы көрсөттү.