Атам 400дөй селсаякты бакты. Кыргызча түш жоруган Толик
PulseKyrgyzstan
0:00 / 0:00
Атам 400дөй селсаякты бакты. Кыргызча түш жоруган Толик
16 363 просмотра · 1 день назад
PulseKyrgyzstan
8,49 тыс. подписчиков
16 363 просмотра · 1 день назад
Толик кыргыз каймана аты менен белгилүү блогер Анатолий Разгоняев каскадёрлукка кызыгып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өнөр көрсөткөн 300 атчандын катарында болгонун айтты. Ал маегинде сүйүктүүсү Гүлүм тууралуу да сөз кылып, быйыл үйлөнүүнү пландаганын, бирок айрым себептерден улам тойдун күнү азырынча тактала электигин билдирди.
Блогер апасы экөө баш калкалар жайы жок, көчөдө калган күндөрүн да эскерди. Ошол оор мезгилде реабилитациялык борбор ачкан адамга жолугуп, аны кантип ата деп калганын айтып берди.
Анатолий эр жеткенде атасы катары көргөн адамынан айрылганын айтып, көзүнө жаш алды. Анын айтымында, атасы күн сайын түшүнө кирет. Ал райондук ооруканада операцияны бир жумага кечиктирбей жасашканда, балким, атасы тирүү калмак беле деп өкүнүчүн жашырган жок.