Орусия кантип Кыргызстандагы тигүү бизнесинин түбүнө жетти
Kloop кыргызча
0:00 / 0:00
Орусия кантип Кыргызстандагы тигүү бизнесинин түбүнө жетти
63 833 просмотра · 1 месяц назад
Kloop кыргызча
92,3 тыс. подписчиков
63 833 просмотра · 1 месяц назад
Кыргызстандын тигүү тармагы кризистин жаңы фазасына кирди. Бул жолу кризиске СПОТ — товар күтүлүп жатканын тастыктаган орусиялык система себепкер болду. Бул атайын реестр, ага кирүү үчүн ишкерлердин орусиялык юридикалык фирмасы болууга тийиш, андан сырткары кошумча нарк салыгын (НДС) алдын ала, аванс катары төгүү керек. Орусияга өзүң барып юридикалык жак ачам десең кымбат жана кооптуу. Ал эми ортомчулар өтө чоң үстөк сурашат. Аван катары төккөн салыкты артка кайтарам десең жарым жыл убакыт кетет. Мурда бул салыкты товар сатылып бүткөндөн кийин, импортер өзү төлөчү. Эми келе элек товар үчүн алдын ала төлөө талап кылынат. Ал товар келген күндө да сатылып кетеби же жокпу, айтыш кыйын. Мындан улам орусиялык селлерлер үчүн Кыргызстандан товар алуу кооптуу жана ыңгайсыз болуп калды.
Каналга жазылуу: / @kloop3223
Биздин веб-сайт: http://ky.kloop.kg
Facebook: http://fb.com/kloopkyrgyz
Twitter: / kloopkyrgyz
Instagram: / kloopkyrgyz