Шумкар: Баягы эле Нью Йорк. Баягы эле провал. Даярдык нөль.
ЭрСыргак
0:00 / 0:00
Шумкар: Баягы эле Нью Йорк. Баягы эле провал. Даярдык нөль.
3 596 просмотров · 7 ч назад
ЭрСыргак
10 тыс. подписчиков
3 596 просмотров · 7 ч назад
Баягы эле Нью Йорк. Баягы эле провал. Даярдык нөль.
Президент дагы БУУнун Башкы Ассамблеясына барды. Эмне алып барды дейсизби? Сандар: экономика эки орундуу санга өстү дейт. Эмне алып келди? Аны ушул эфирде санап көрдүк.
Бул чыгарылышта:
Илан Шор. Молдовада 15 жылга кесилген, Интерполдун издөөсүндө жүргөн, Орусиянын паспорту менен жашаган олигарх. Financial Times 21 сентябрда жазды: анын A7 системасы аркылуу 6,9 миллиард доллар өткөн, анын 3,9 миллиарды КЫРГЫЗСТАНДЫН банктары аркылуу. Президент учуп жүргөн эки Gulfstream учагы Шордун шериктери кол койгон карыз келишими менен келген. Ким кимге карыз?
ИДӨ өстү деген жомок. Кытай бажысы Кыргызстанга 27 миллиард долларлык товар жөнөттүм дейт, биздин бажы 5 миллиард гана келди дейт. Ортодо 22 миллиард доллар из калтырбай жоголуп жатат. Өсүш дегени изи жок соода болсо, анда ким өсүп жатат: элби же кимдир бирөөлөрбү?
Кемпир Абад. Суу сактагыч жөнүндө суроо берген 27 адам 20 ай отурду. БУУнун жумушчу тобу кармоону МЫЙЗАМСЫЗ деп тапты. Сот кийин толук актады. Анда эмнеге камашты? Ким жооп берет?
Колбаев. Сотсуз, өкүмсүз атылган. Муну эми мойнуна алып жатышабы? Эфирде ошол сөздү угасыз. Мыйзам кайда, сот кайда? Кийинки кезек кимдики?
Жана совхоздун башчысы болуп калган «щегол» жөнүндө. Кимди айтып жатканыбызды эфирден угасыз.