Перейти к содержимому

Жол салчулар түшүмдөн куржалак калтырабы? Дыйкандардын арыз-муңу, бийликтин жообу

Эламан Карымшаков

0:00 / 0:00

Жол салчулар түшүмдөн куржалак калтырабы? Дыйкандардын арыз-муңу, бийликтин жообу

50 397 просмотров · 1 месяц назад
Эламан Карымшаков
138 тыс. подписчиков
50 397 просмотров · 1 месяц назад
Бишкектин четиндеги Чыгыш айланма жолун курууда эгинибизди талкалап, түшүмдөн куражалак калган атабыз. Мындай арыз-муңу менен бизге ондогон дыйкандар кайрылды. Алар Туңгуч кичи районунун үстүндөгү 160-контурда малина, кулпунай өстүрөт. "Эми мөмө бере баштаганда бузуп өтүп, жол салышат экен" деп бушайман болушууда. Дыйкандар "бул жерге канча мээнет, чыгым кетти, жөн эле күйүп кетпейли, түшүмдү толук жыйнап алганча эки ай күтүп туруңуздар" деп бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты. Мында эгин эккендер жерди ижарага алышат. Бирок жазга маал бийлик тараптан да, жердин ээси да эскертүү бербегенин айтышууда. Жерине барган Октябрь районунун акиминин орун басары Марат Турсунов маселени жетекчиликке жеткирип, компенсация берүү жагы караларын билдирди. Ал түшүм жыйналганча күтүү мүмкүн эместигин, декабрга чейин жол курулуп бүтө турганын айтты. Ошондой эле аткаминер жер ээлерине мурда эскертүү берилгенин белгиледи. Ал эми жол куруп жаткан "Доор строй" компаниясынын прорабы 3 күндө малина, кулпунай бышып турган талаага техникалар кирип келерин эскертти. Көк-Жар конушунан Кантка чейин салына турган 16 чакырымдык жок быйыл январда башталган. Бул шаар тыгындарын азайтуу максатында айланма жол катары салынууда. Төрт тилкелүү болуп, туурасы 65 метрге чейин жетет.