Көлдү көркүнө чыгарган курорттук жай салынууда/ "Имарат Стройдун" негиздөөчүсү менен маек
Эламан Карымшаков
0:00 / 0:00
Көлдү көркүнө чыгарган курорттук жай салынууда/ "Имарат Стройдун" негиздөөчүсү менен маек
36 011 просмотров · 8 часов назад
Эламан Карымшаков
137 тыс. подписчиков
36 011 просмотров · 8 часов назад
Бостериде Imarat Resort курорттук жайы курулуп жатат. Мындагы коттедждерди көрсөңүз чет өлкөлүк кинолордогу кадрларды эске салат. Тегерек-чети жапжашыл, ар түрдүү гүлдөр, дарактар өсүп турат. Виллалардын ортосуна апарт-отель салынууда. Жалпы аянты 8,5 гектар, ал эми парк-пляждык зонасы 5 гектар. Бул жагы да ажайып кооздолуп кереметтүү Көлдүн көркүнө көрк кошот. Турак жайлар бүркүттүн элесин чагылдырса, пирс Айгүл гүлүнүн формасында жасалган.
Муну куруп жаткан "Имарат Строй" компаниясынын негиздөөчүсү Даниярбек Иманалиев менен баарлашып, курорттук жайы менен таанышып келдик.
Анын айтымында, долбоорду дүйнөдөгү алдынкы 5 архитектуралык бюронун бирине буюртма берип жасаткан. Жашоочулар менен эс алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн ийне-жибине чейин кылдат каралган.
"Кыргыздар башка мамлекеттерден эмнебиз кем. Биздин элибиз деле жакшы жайларды куруп, кооз жерлерде эс алууга татыктуу", — деди Иманалиев.
Ошондой эле "атадан калган мурасты төгүлтпөй-чайпалтпай улап кетиш үчүн кандай уул болуш керек?" Компаниянын 30 жылдан бери туруктуу иштеп жатышынын сыры эмнеде?" деген суроолорду узаттык.