Перейти к содержимому

Акча кошпосоңор үй бүтпөйт/ Кайрадан "KG группка" арызданышты/ Эми министрлик көзөмөлдөйт

Эламан Карымшаков

0:00 / 0:00

Акча кошпосоңор үй бүтпөйт/ Кайрадан "KG группка" арызданышты/ Эми министрлик көзөмөлдөйт

15 798 просмотров · 8 часов назад
Эламан Карымшаков
137 тыс. подписчиков
15 798 просмотров · 8 часов назад
"KG групп" компаниясынан үй алгандар кайрадан арызданып чыкты. Былтыр дагы бир жолу чыкканда компанияга тоскоолдук жараткан маселелер чечилип, УКМК камактагы мүлктөрүн чыгарып берген. Ошондон кийин бир блогун куруп баштаган. Бирок "бир жылда 5 кабат араң көтөрдү, жумуш өтө жай жүрүп, кээде токтоп калууда" деп нааразы болушууда. "KG групптун" өкүлү Айбек Турсунов компаниянын мүлктөрү сатылбай, акча түшпөй жатканын айтты. Ал кардарлар калган сумманы төлөп, анан дагы үстүнө чарчы метрине 170 доллардан кошуп берсе үй бүтөрүн билдирди. Өздөрүнүн каражаты жетпей турганын белгиледи. Кардарлар буга макул эмес, "8 жыл күткөнүбүз аз келгенсип дагы акча сурап атасыңар. Силерге ким ишенет? Жок дегенде бардык блокту 10-кабатка жеткирип иш кызуу жүрүп жатканын көрсөткүлө анан ойлонуп көрөбүз", — дешти кардарлар. Курулуш министрлигинин өкүлдөрү компанияны көзөмөлдөп, ишин тездетүүгө жардам берерин убадалашты.