Көчмөндөр оюндары! Ылайым чоң салтанат тойлор мекенибизде көп болсун. Сөзү, обону: Иман Кыдыралиев
Иман Кыдыралиев
0:00 / 0:00
Көчмөндөр оюндары! Ылайым чоң салтанат тойлор мекенибизде көп болсун. Сөзү, обону: Иман Кыдыралиев
310 просмотров · 3 недели назад
Иман Кыдыралиев
295 подписчиков
310 просмотров · 3 недели назад
Ала-Тоо койнун жердеген,
Ааламга акыл сермеген.
Ар-Намыс кайнап жүрөктө,
Абалкы наркын бербеген.
Айбаты аска-зоого тең,
Кайраты кара жерге тең.
Арыстан Манас урпагы,
Ак калпак Кыргыз Эл деген.
Атырылган дем менен
Аккулага тең келээр.
Айкөл Манас урпагы,
Ак калпак Кыргыз Эл деген
Ак эмгек, билим куралы,
Акыйкат чындык урааны.
Ак пейил, достук, сый-урмат,
Адамзат үчүн сунаары
Пейили чалкар көлгө тең,
Көңүлү көркөм төргө тең.
Кабылан Манас урпагы,
Кадимки Кыргыз Эл деген.
Алып учкан дем менен
Ак шумкарга тең келээр.
Айкөл Манас урпагы,
Ак калпак Кыргыз Эл деген.
Алланын атын даңктайлы,
Бабалар салтын сактайлы,
Азаттык туусун бек кармап,
Алдыга кадам таштайлы.
Береке, байлык төгүлө,
Бейпилдик сүйгөн жериме.
Жараткан өзү жар болсун,
Ак калпак Кыргыз Элиме.
Атын айтса дембе-дем,
Ак илбирстей шерденээр.
Айкөл Манас урпагы,
Ак калпак Кыргыз Эл деген.